15:12
USD 69.85
EUR 78.48
RUB 1.03

Кыргызстан казак активистин калкалап кала алабы?

10-майда Бишкекте кармалган казакстандык блогер Мурат Тунгишбаев учурда УКМКнын тергөө абагында.

Аны Казакстандын Кылмыш-Жаза кодексинин «кылмыштуу топтун ишмердигин каржылоо» 266-беренесинин негизинде Бишкектеги Биринчи Май райондук соту камакка алган. Бирок, укук коргоочулардын пикиринде, ал шектелип жаткан кылмыш иши Кыргызстандын мыйзамдарында көрсөтүлгөн эмес.

Казакстандык блогер Мурат Тунгишбаев бозгун саясатчы, оппозиционер Мухтар Аблязов менен байланыштыгы бар жана ал «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын колдойт деп айыпталууда. Эгерде кыргыз бийлиги аны Казакстанга өткөрүп берсе, анда анын мүлкү конфискацияланып, өзү 7 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Учурда активист качкын макамын алуу тууралуу арызын берди. Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришкендей, арыз боюнча чечимдин чыгышы бир жыл убакыт талап кылышы мүмкүн.

Кыргызстандын укук коргоочулары казакстандык активист, блогер Муратбек Тунгышбаевдин иши тууралуу президентке кайрылуу жолдошту. Анда мамлекет башчысын казак бийлигинин кысымына каршы туруп, мыйзамдуулукка кадам таштоого чакырышкан.

Кыргызстандык укук коргоочу Рита Карасартова «24.kg» агенттигине билдиргенине караганда, коңшу мамлекеттин активисти саясий башпаанек сурап келгенине карабай, УКМК менен Башкы прокуратура экстрадициялоо боюнча чечим кабыл алып жатышат.

— Негизи кайсыл өлкөнүн жараны болбосун, эгер баш калкалоо сурап келсе мамлекет ал жаранды кабыл алууга, башпаанек берүүгө милдеттүү. Бирок, Муратбек Тунгишбаев бул укугун ишке ашыра албай жатат. Анткени УКМК анын үйүн тинтип, өзүн камакка алды. Казакстанда тагылган айып беренелери бизде эсепке алынбайт. Анын үстүнө Муратбек Тунгишбаевдин Кыргызстанда жашаганына 4 жыл болуптур.

Укук коргоочу бийликке өлкө Качкындар боюнча эл аралык конвенцияга мүчө экенин эскертет.

-Конвенция эрежелерине ылайык, башпаанек берип аткан өлкө куугунтукка алынып качып келген атуулду өз өлкөсүнө кайтарып бербөөгө милдеттүү. Кыргызстан ошол конвенцияга мүчө болуп туруп, кайтарып берүү чечимин кабыл алган жатышат.

Негизи эле биздин мамлекет экстрадиция маселесине келгенде башка өлкөлөргө тезинен берип жибергенге шашат. Ал эми кошуна өлкөлөрдө андай көрүнүш жокко эсе. Бирок, ата-бабаларыбыз илгертеден эле келген конокко эшик ачып, меймандостугун көрсөтүп келген. Эч качан алдыга жардам сурап келген кишиден жүзүн бурган эмес.

Рита Карасартова

Казак активистинин ишин 8-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карайт.

Эң көп окулган жаңылыктар