21:59
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кандуу Ош окуясы эскерилди

Кечээ Ош шаарында 2010-жылы болуп өткөн каргашалуу июнь окуясында каза болгондор, дайынсыз кеткендер эскерилип, «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексинде митинг-реквием болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, иш-чаранын алкагында аталган комплекске гүл чамбар коюлуп, окуяда көз жумгандарга багышталып куран окулду.

Эске салсак, мындан 8 жыл мурун Ошто этникалар аралык кагылышуу болгон. Расмий эмес маалыматтарга караганда, башаламандыктын алгачкы күнү 800гө жакын киши каза болгон. 14-июнда ЖМК 2000ден ашуун киши каза тапканын билдирген.

Бирок, мамлекеттик органдар расмий түрдө 443 кишинин өлгөнүн айтып келишет.

Иш-чарага биринчи вице- премьер-министр Кубатбек Боронов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, окуя учурунда каза болгондордун, дайынсыз жоголгондордун жакындары катышты. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума