Ала качуудан каза тапкан Бурулайдын элесине арналып тасма тартылды. Кыскаметраждуу тасмада мектеп окуучусу жөнүндө баяндалат.
Атасы Россияда иштеп жүргөн кызды жашы жете электигине карабай айылдын балдары алып качып кетет. Коңшусунун жардамы менен гана аны кайтарып келишет.
Тасмада «бала, же кыз бирөөнүкү болбойт», «кыздын бийик кыялы кыялбасын» деген ойлор айтылат.
Эскерте кетсек, 19 жаштагы Бурулай Турдалиева 27-май күнү Жайыл райондук ички иштер башкармалыгында бычакталып өлтүрүлдү. Аны Марс Бөдөшов аттуу жигит алып качып, кийин бычак сайган.