02:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Депутат: Криминалдык милиция башчысынын жасаган доклады 1 деген баага татыйт

ИИМдин коомдук кеңешинде Криминалдык милициянын башчысы Нурбек Абдиевге кызматтан кетүү талабы коюлду. Мындай талап менен Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов чыкты.

Депутаттын пикиринде, Нурбек Абдиевдин жасаган доклады 1 деген баага татыйт. Ал башчыга кызматтан кетүүсүн айтканда, залда отурган жарандык коомдун өкүлдөрү колдоп чыгышты.

«Азыркы учурда милициялар уурулардан да жаман. Көчөлөрдө документ текшеребиз деген шылтоо менен жарандардын акчаларын уурдап жатышат. Ал эми сиздин доклад тууралуу айтсам, кеп жок», -деди депутат.

Нурбек Абдиев өзүнүн докладында кемчиликтер бар экендигин мойнуна алды.

«Мен отурумдун форматын билген эмесмин, ошондуктан докладга статистикалык маалыматтарды камтыган жокмун. Анын үстүнө биз жашыруун иштейбиз», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар