13:46
USD 69.25
EUR 81.03
RUB 1.03

Нарын районунун тургундары облустук оорукананын кызматынан пайдаланышат

Нарын районунун тургундары үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана облустук оорукананын кызматынан пайдаланышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигенен билдиришти.

Эске салсак, Кыргызстан боюнча жалгыз Нарын районунда райондук оорукана жок, деп Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Алмасбек Акматов билдирген. Айтымында, Нарын районунун тургундары бийликтен 60 орундуу оорукана куруп берүүсүн суранышууда. Аталган аймакта мурда ооркана бар болчу, 2002-жылдан кийин аким жана губернатордун шалаакы мамилесинен улам жоюлган.

Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, өзүн-өзү камсыздай албаган жана кайра куруу, базар экономикасынын шартында иштей албаган уюмдар 1990-жылдарда кыскартылган. Аталган оорукананын ордуна күндүз кабыл ала турган стационардык жайлар ачылган.

«Анын үстүнө Нарын облустук ооруканасы менен мурунку Нарын райондук ооруканасы бир эле шаарда жайгашкан. Алардын ортосу 3 чакырым болчу», -деп билдиришти министрликтен.

Эң көп окулган жаңылыктар