13:31
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Депутат: Кыргызстан боюнча жалгыз Нарын районунда оорукана жок

Кыргызстан боюнча жалгыз Нарын районунда райондук оорукана жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Алмасбек Акматов билдирди.

Айтымында, Нарын районунун тургундары бийликтен 60 орундуу оорукана куруп берүүсүн суранышууда. Аталган аймакта мурда ооркана бар болчу, 2002-жылдан кийин аким жана губернатордун шалаакы мамилесинен улам жоюлган.

«Саламаттык сактоо министрлиги менен Каржы министрлиги бул көйгөйгө көңүл буруусу керек. Оорукана болушу керек», -деди Алмасбек Акматов.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби