14:44
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара окуяларында курал колдонбой турган болушту

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара окуяларында курал колдонбой турган болушту. Мындай чечим Тажикстандагы Бустон шаарында болгон эки тараптуу жолугушууда кабыл алынды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуу маалында эки мамлекеттин чек арасында коопсуздукту сактоо максатында, бир канча конкреттүү чечимдер кабыл алынды. Анда чек ара окуяларында чек арачылардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян алып келүүчү жагдайдан тышкаркы убактарда ок атуучу куралды колдонууга таптакыр тыюу салынды.Муну менен катар аскер адамдары өз мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык иш алып баруулары керек.

Чек ара бөлүмдөрүнүн башчылары жаңжал чыгып кете турган болсо, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү келгенге чейин эч кандай активдүү аракеттерди жасабашы керек.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чек арачылары ортосунда жаңжал чыккан. Анда Лейлек районундагы «Футбол аянтчасы» участогунда тажикстандык аскерлер эскертүү ирээтинде асманга ок чыгарышкан.

«Чек ара аймагында аскерлердин атайын жүрүм-турум линиясы бар. Тажикстандык аскерлер аны бузушту. Алар кыргызстандыктарды «Футбол аянтчасы» участогунан кууп чыгышып, тынчтыкты бузушту. Жаңжал коңшу тараптын башка аскерлери келгенде гана басылды», -деп билдиришкен чек ара кызматы.

Билдирүүгө караганда, тажикстандык чек арачыларга макулдашылбаган чек ара аймагында мыйзамсыз жүрөсүңөр деген эскертүү берилген. Бирок, алар ишти козутуп, жаңжал чыгарганга аракет кылышкан. Коңшу мамлекеттин аскерлери ок чыгарышкандыгы үчүн, кыргыз тарап аларды колго түшүрүшкөн.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин чек арачыларды мекенине кое беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар