14:59
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Учурда абал тынч

Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чек арачылары ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Лейлек районундагы «Футбол аянтчасы» участогунда тажикстандык аскерлер эскертүү ирээтинде асманга ок чыгарышкан. Окуя кечээ, саат 17:10до катталды.

«Чек ара аймагында аскерлердин атайын жүрүм-турум линиясы бар. Тажикстандык аскерлер аны бузушту. Алар кыргызстандыктарды «Футбол аянтчасы» участогунан кууп чыгышып, тынчтыкты бузушту. Жаңжал коңшу тараптын башка аскерлери келгенде гана басылды», -деп билдиришти аталган кызматтан.

Билдирүүгө караганда, тажикстандык чек арачыларга макулдашылбаган чек ара аймагында мыйзамсыз жүрөсүңөр деген эскертүү берилген. Бирок, алар ишти козутуп, жаңжал чыгарганга аракет кылышкан. Коңшу мамлекеттин аскерлери ок чыгарышкандыгы үчүн, кыргыз тарап аларды колго түшүрүшкөн.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин чек арачыларды мекенине кое беришти. Учурда абал толугу менен көзөмөлгө алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар