19:51
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнө кызматтан кетүү талабы коюлду

КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөлөрү кызматтан кетиши керек. Мындай талапты депутат Каныбек Иманалиев парламентте койду.

Анын айтымында, аталган телеканалдын сырты гана оңдолуп, ичи ошол бойдон калды.

«Силер BBC жана «Азаттык» радиосуна тең келе албайсыңар. Акыйкаттуулук боюнча YouTube каналына да жетпейсиңер. Эгерде ишенимден чыгып калсаңар, жоопкерчиликти алып кызматтан кетүүгө даярсыңарбы?», -деп КТРКнын байкоочу кеңешине суроо салды депутат.

«Сиз азыр эмоцияга алдырып сүйлөп жатасыз. Мен ар дайым акыйкаттуулук жана демократия үчүн күрөшүп келгем, дагы күрөшө берем. Эгерде эреже бузуулар болсо, анда биз жаза алганга даярбыз. Эгерде ишеним көрсөтүлбөсө, мен азыр деле кетүүгө даярмын», -деди байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев.

Эң көп окулган жаңылыктар