10:09
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сокулук районунда унаасы менен адамды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Чүй облусундагы Сокулук районунда унаасы менен адамды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу аталган облустук жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-апрелде Сокулук айылында 1971-жылы туулган жөө жургүнчүнү унаа коюп кеткен. Кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми айдоочу изин жашырып качып кеткен.

Кармалган жаран Кубанычбек уулу А. жол кырсыгына күнөөлү экенин мойнуна алды.

Эң көп окулган жаңылыктар