Бүгүн абакта жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун иши Жогорку Сотто каралууда. Алгач сот отурумду видео жана сүрөткө тартууга тыюу салуу маселесин көтөргөнү менен, Жапаровдун жактоочусу бул саясий иш экенин айтып, коомчулук үчүн аны түз эфирден көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү керектигин айтты.
Ысык-Көл облусунун экс-губернатору, жабырлануучу Эмилбек Каптагаев да соттук отурумдун ачык өтүүсүн колдоду. Бирок сот Кеңешбек Токтомамбетов иштин башын гана тартууга уруксат берип, ал эми көрсөтмөлөр берилгенде сүрөткө же видеого тарткан журналисттер сыртка чыгып кетиши керек деген чечимин кабыл алды. Анын пикиринде, көрсөтмө берүү убагында журналисттер тоскоолдук жаратышы мүмкүн.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында «Кумтөр» боюнча нааразычылык акциясындагы башаламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп жатат. 2017-жылдын 2-августунда Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен «барымтага алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.