06:02
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Борбордук мечитте iPhone жоголду. Бир күндөн кийин ээсине кайтарып беришти

iPhone телефонун жоготуп жиберген тургунга аны кайтарып беришти. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тургун борбордук мечиттен 60 миң сомдук телефонун уурдатып жибергендигин социалдык тармакка жазып чыккан.

ШИИБдан билдиришкендей, анын телефонун эч ким уурдаган эмес. «Телефондун ээси унутуп койгон, аны башка бала алып катып коюптур. Буюм өз ээсине кайтарылды», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар