19:27
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Саясий туткундарга эркиндик. Жогорку соттун алдында кайрадан митинг

Бишкектеги Жогорку соттун имаратынын алдында бийликти күч колдонуп басып алууга аракет жасагандыктары үчүн соттолгондордун жакындары митинг уюштурушууда. 30га жакын киши Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыровдун эркиндикке чыгышын талап кылышууда.

Алар «Адилеттүүлүк качан орнойт?», «Асанов, Кадыров жана Карыбековго эркиндик» деп жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку сот «Эл үнү» кыймылынын мүчөлөрүнүн иши боюнча чечим кабыл алат.

Эске салсак, Бишкек шаардык соту аталган кыймылдын мүчөлөрүнө карата биринчи инстанциядагы өкүмдү күчүндө калтырган. Дастан Сарыгуловду 4 жылга эркинен ажыратуу (анын 3 жылы шарттуу түрдө) тууралуу өкүм чыгарылып, сот залынан кое беришкен. Эрнест Карыбековду 20 жыл, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 12 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума