Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаа 6 жашар баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу аталган облустун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Жусаев жана Коёнкөзов көчөлөрүнүн кесилишинен 6 жаштагы баланы сүзүп алган. Бала ооруканага жеткенде каза болгон.
Белгилей кетсек, жол кырсыгы 2-июнда болгон.