09:37
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Курил аралында иш таштаган кыргызстандыктар Орусиянын аймагында калды

Орусиянын Сахалин облусунда иш таштаган 24 кыргыз жараны Кыргызстанга чыгып кеткен жок. Бул тууралуу элчилик маалымдайт.

Мигранттар вертолет менен Парамушир аралынын аймагынан чыгарылган. Бирок, алар Петропавловск-Камчатка шаарында калып, ал жерде жумушка орношмой болушту.

Эскерте кетсек, Кыргызстандык жумушчулар Парамушир аралындагы Курильск программасынын бир канча объектеринде, айлык маяналарынын төлөнүп берилишин талап кылышып иштерин ташташкан. Айлык акынын кечиктирилиши, тапшырык берүүчүлөрдүн төлөп берүүгө акча каражаттарынын жоктугу себеп болгон.

Кыргызстан ТИМинен билдиришкендей, Орусиядагы кыргыз элчилиги Сахалин облусунун тийиштүү органдарына кайрылган соң, жумушчуларга эки айдан бери айлык төлөбөгөндүгү үчүн «СПИРО» компаниясынын жетекчилигине кылмыш иши козголду.

Маалыматка караганда, текшерүү иштеринин жүрүшүндө 45 жумушчуга төлөнө элек акчанын суммасы 633 миң рублга жеткени аныкталган.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин кыргызстандыктардын жарымы ишин улантмай болушту.

Эң көп окулган жаңылыктар