02:53
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Москвада үч кыздын энеси бир жылдан бери абакта жатат

Кыргыз жараны Нүргүл Азимова бир жылдан бери Москвада тергөө абагында жатат. Бул тууралуу актер Азиз Бейшеналиев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Нүргүл Азимованы 2021-жылы турмушка чыккан экинчи күйөөсү айыптап, милицияга арыз жазган. Ага опузалоо айыбы коюлууда.

Нүргүл Азимованын айтымында, Мирлан аттуу экинчи күйөөсү Орусияга кирүү үчүн бир нече жолу аты-жөнүн өзгөрткөн. Үй кыздын энеси үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, бир нече жолу күйөөсү тарабынан сабалганын маалымдайт. Кайыненесинин сөзүнө ишенип, Кыргызстанда насыя алууга дагы макулдугун берет.

2022-жылдын июнь айында Нүргүлдү полиция кармап, Мирлан ага каршы опузалоо факты менен арыз жазганы белгилүү болот.

«Полиция бөлүмүндө элчиликтен эки кызматкер келди. Анын бири өзүн Бакыт деп тааныштырды. Алар мага орой мамиле кылып, мени видеого тартып, коркутушту. Бирөө менин жолдошумдун жакшы таанышы экен», — дейт Нүргүл Азимова.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума