USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Ош облусунда 8 жашар кызды унаа коюп кетти

09:50, 04 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Шак айылында жол кырсыгы катталды. Кесепетинен 8 жашар кыз жабыркады. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине аталган облустун жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыз жолдон өтүп бара жатканда унаа коюп кеткен.

«Кыз атайын жүргүнчүлөр өтүүчү жерден өтпөй, жолдун берки бетинен каршы тарапка чуркап чыккан. Honda Stream үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаасын дароо токтотконго үлгүрбөй калган. Бактыга жараша кыз жеңил жаракат алды», -деп билдиришти башкармалыктан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18