23:19
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өзбек ырчылары орозодогу пиар үчүн сынга алынды

«Узбекконцерт» мекемесинин жетекчилиги орозо маалында окула турган тараба намазына барып, ибадат учурундагы сүрөтүн жарыялаган ырчыларды сынга алды. Андан тышкары мечитте имамдар менен түшкөн сүрөттөрүн, ооз жабуу, ооз ачуу учурундагы тамактарын Интернетке чыгарбоо сунушталды.

«Азаттыктын» өзбек кызматы жергиликтүү маалымат булактарына таянып билдиргендей, 31-май күнү Ташкентте «Узбекконцерттин» жетекчилиги белгилүү ырчыларды чогултуп, жыйын курду. Мекеме жетекчиси Одилжон Абдукаххоров айрым ырчылар диний амалдарды өзүнүн имиджин көтөрүү максатында колдонуп жатканын айтып, ислам дини ырчылардын үгүтүнө муктаж эместигин билдирди.

Жыйында аял ырчылардын көйнөктөрү сөз болуп, аларга улуттук менталитетке жараша кийинүү керектиги дагы бир ирет эскертилди.

«Элдин көңүлүн башка нерсеге бурбай, талантыңызды көрсөтүңүз»- деди Абдукаххоров.

Ошондой эле ар бир ырды Көркөм кеңешке сунуштап, маани-мазмунун текшертип туруу эскертилди.

Аталган мекемедеги Көркөм кеңеш «жаштардын маданиятына терс таасир көрсөтөт» деп тапкан ырлар жана клиптер телерадиого чыгарылбайт. Ага баш ийбей Интернетке жарыялаган ырчылардын лицензиясын алып коюшат.

Буга чейин бир канча аял ырчылар ачык кийингени үчүн лицензиясынан ажыраган

Эң көп окулган жаңылыктар