Кыргызстан менен Казакстанда өз ара товар жүгүртүү 1 миллиард долларга чейин көбөйөт. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Дүйшөмбү шаарында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен болгон жолугушуусунда маалым болду.
Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдиргендей, эки жактуу жолугушуу бүгүн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өттү.
«Кыргыз-казак союздаштык мамилелери тиешелүү динамикага жетишти. Активдүү саясий-экономикалык диалог сакталып, талашсыз түрдө эки жактуу өнөктөштүктү мазмундук толтурууну шарттаган бардык деңгээлдеги байланыштар жүргүзүлүүдө. Казакстан менен стратегиялык өз ара байланыштарды бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири», — деп белгиледи
Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өз кезегинде Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев эки мамлекеттин башчылары тарабынан Өкмөттөрдүн алдына коюлган пландарды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.