11:09
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстандын Европа өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү 3,4 пайызга өскөн

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчёту угулуп жатканда, депутат Бахадыр Сулейманов ВСП+ алкагында кандай иштер жасалып жатканына, бул багытта Кытай, Тажикстан, Өзбекстан менен кызматташтык мамилелердин абалына кызыкты.

Экономика министри Артем Новиковдун айтымында, Кыргызстан менен Европа бирлигине кирген өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 2016-жылга салыштырмалуу 3,4 пайызга өскөн.

«Сооданын негизги үлүшү алтынга таандык — 70 пайыз. Алтынды эсепке албаганда, экспорт 45 пайызга өстү. Ага пахта, жип, козу карын, бал, бут кийим сындуу товарлар кирет. Аларды Улуу Британия, Литва, Германия өӊдүү өлкөлөр алууда», — деди ал.

Экономика министри Кытай менен этти, балды, алчаны экспорттоо боюнча 4 протоколго кол коюлганын, ошондой эле эт, коон боюнча 5 протокол даярдалганын, ал эми Россия, Казакстандан товарларды импорттоо жаатында талдоо жүргүзүлгөнүн билдирди.