12:59
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Казакстан Кыргызстан менен Өзбекстандан жер-жемиш алып кирүүгө тыюу салды

Казакстан 19-февралдан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандан жер-жемиш алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өлкөгө Кыргызстандан картөшкө, алма жана курма, Өзбекстандан анар алып кирүүгө чектөө киргизилди. «Акыркы кездери бул эки өлкөдөн келип жаткан өнүмдөрдөн карантиндеги Комсток курттар табылууда», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Анда 2018-жылы жана 2019-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандан алынып келинген өнүмдөрдү текшерүүдө карандинтик жана фитосанитардык талаптар бузулган 465 учур катталганы белгиленген.

Быйыл январь айында Ысык-Көл облусунда 500 миң тоннага жакын картөшкө сатылбай турганы айтылган.

Февралдын башында аткаминерлер картөшкөнү Алматынын базарларына сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдиришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар