Бишкектеги балдар клиникалык ооруканасына капиталдык ремонт жасалат. Бул тууралуу мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, балдар ооруканасынын чатыры оңдоодон өтөт. Ошондой эле, Бишкек травматология жана ортопедия илимий борбору менен № 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун авариялык абалдагы инженердик коммуникациялары алмаштырылат. Буга 20 миллион сом коротулат.
Кошумчалай кетсек, ушул жылы жаңы № 17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору курулат. Учурда объект боюнча долбоордук иштерге тендер жарыяланды.