02:37
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жашоо үчүн кооптуу аттракциондор. Коопсуздукка ким кепилдик берет

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары эс алуу жайларындагы аттракциондор канчалык деңгээлде коопсуз экендигин талкуулашты.

«Сырттан гана байкоо жүргүзүлдү, бизде Орусиядагыдай лабораториялар жок. Мындан улам, үстүртөдөн гана карап, ижара ээлери гана коопсуздук үчүн жоопкерчиликти алат деген жыйынтыкка келдик. Биз жоопкерчиликти мойнубузга ала албайбыз», -деди экология жана техникалык коопсуздук башкармалыгын башчысынын орун басары Талант Күрүчбеков.

Анын айтымында, Панфилов эс алуу жайынын ишкерлери орусиялык компания менен сүйлөшүп, көчмө лабораториясында иликтөө жүргүзүшкөн.

«Демек, коопсуздук үчүн толук ишеним жок экен да», -деди «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Сейдахмат Исмаилова.

Депутаттар байкоо жүргүзүү үчүн жабдыктарды сатып алуу тууралуу маселени эмне үчүн көтөрбөй жүргөнүн сурашты.

"Биз жабдыктардын канча турарына кызыкканыбыз деле жок. Анткени, бюджетте андай чыгымдар каралган эмес",-деп жооп берди Талант Күрүчбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар