22:02
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Депутаттар жер алдынан адамдар өтүүчү өткөөлдүн сапатына күнөөлүүлөрдү издешүүдө

2017-жылы Бишкекте жер үстүнөн жөө адамдар өтө турган 2 көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык кеңештин кезектеги сессиясында капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев эскертип өттү. Айтымында, аталган курулушка «Оргтехстрой» ЖЧКсы подрядчик катары тартылган.

Ошондой эле, Чүй менен Манас чоң көчөлөрүнүн кесилиши менен Чүй менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде жер алдынан жөө адамдар өтүүчү өткөөл оңдолуп, пайдаланууга берилген. Маалыматка караганда, аталган өткөөл 1979-жылы салынган.

Объекттер пайдаланууга берилгени менен алардын сапатына дароо дооматтар келип түшкөн. Алгачкы жолу жааган жаандын кесепетинен чатырынан суу ага баштаган. Депутаттар кайра калыбына келтирүү боюнча ишти эмне себептен кабыл алгандыктарын сурашты. Нурлан Эшенбаев ремонттон кийин эксперттер чакырылгандыгын, алар күнөө подрядчик тарапта экендигин айтышканын билдирди.

Депутаттар подрядчик эле эмес, тапшырык бергендер дагы күнөөлүү экендиктерин айтышты.

Нурлан Эшенбаев жоопкерчиликтен качпай тургандыгын белгиледи. Сапатсыз иштер үчүн аталган маселеге жоопкер орун басары иштен кеткенин, өзүнө болсо жаза берилгенин кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума