11:16
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Эсептөө палатасы менен укук коргоо органдары жемкорлукка каршы чогуу аракеттенет

Эсептөө палатасы Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ жана Экономикалык кылмыш менен күрөшүү агенттиги кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, келишим боюнча укук коргоо органдары финансалык мыйзам бузуулар боюнча Эсептөө палатасына өз кезинде маалымдап турушат. Кызматташуунун жаңы жолу президент Сооронбай Жээнбековдун жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча койгон тапшырмаларды аткарууга жана укук коргоо органдарын реформалоо чараларын тездетүүгө шарт түзөт.

«Бир учурда бир нече катар текшерүүлөрдү жокко чыгарат. Биздин ишибизди алдыга жылдырат» — деп билдирди эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов.

Эң көп окулган жаңылыктар