08:05
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган ИИМдин кызматкери кармалды

Документтерди жасаган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен ИИМдин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган жаран кызмат абалынан пайдаланып унаа каражаттарын каттоо департаментинин кызматкери менен сүйлөшүп алып, газ-баллон каражаттарын орнотуу боюнча унаа каражатын каттоо тууралуу күбөлүккө мыйзамсыз штамп коюп келген. Алар бул иши үчүн 2 миң сомдон алып турушкан.

Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. ИИМдин кызматкери менен анын шеригин тинтүү маалында мыйзамсыз алышкан акча каражаттары табылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума