17:17
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Диплому жасалма кызматкерлерге өз ыктыяры менен УКМКга кайрылууу сунушталат

УКМК мамлекеттик кызматкерлердин дипломун текшерүү ишин баштады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, билим берүү чөйрөсүндөгү абал мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадрдык маселесинин, анын ичинде өлкөнүн мыйзам чыгаруу ишмердигинин жана өлкө турмушунун бардык башка чөйрөлөрүнүн түзүлүшүнүн сапатына түздөн-түз таасирин тийгизет.   

Мурдагы жана азыркы депутаттардын жасалма дипломдорду пайдалангандыгы, билим берүү чөйрөсүндөгү укук ченемдик актылардын одоно бузулушуна байланыштуу акыркы окуялар мамлекеттик органдардын жооптуу адамдары тарабынан билим берүү процессине тийиштүү көзөмөлдүн жоктугун, анын ичинде жогорку окуу жайлардын ишинде коррупциялык көрүнүштөрдүн бар экендигин көрсөтөт.

УКМК жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз даярдоо, жасалмалоо жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин жана жарандын мамлекеттик кызматты мыйзамсыз ээлегенинин натыйжасында келтирилген зыяндын орду толтурулаарын эскертет.

Буга байланыштуу УКМК жогорку билими бар боюнча жасалма документтерди колдонгондор же алардын келип чыгышынын аныктыгынан күмөн саноолор болсо, адамдарды ыктыярдуу түрдө улуттук коопсуздук органдарына кайрылуусун сунуштайт. Аталган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат жана анонимдүүлүкө кепилдик берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-апрель, бейшемби