02:55
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кара-Көл шаарында күйүп кеткен айдоочулук күбөлүктөр акысыз калыбына келтирилет

17-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн постунан өрт чыгып, айдоочулук күбөлүктөр күйүп кеткен. Бул тууралуу аталган шаардын тургуну Нурбек Төкмөнкулов «24.kg» агенттигине билдирди.

«Аталган бөлүмдүн имаратында 150гө жакын айдоочулук күбөлүк болгон. Алардын арасында Орусиянын жарандарына таандык документтер да бар. Бир канча айдоочу чогулуп күбөлүгүбүздү алалы деп келгенибизде, 1 200 сом төлөп бергенибизде гана кайра калыбына келтирип беришерин айтышты», — деди Нурбек Төкмөнкулов.

«24.kg» агенттиги жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына кайрылганда, алар чындыгында бөлүмдө өрт чыкканын тастыкташты. Бирок, күбөлүктөрүн алуу үчүн акча төлөө керектиги тууралуу маалыматты четке кагышты. Маалым болгондой документтер акысыз кайтарылып берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар