Бүгүн Жалал-Абадда Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленет. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн балдарга арналган оюн-зоок программалары тартууланат.
Ал эми 1-июнь күнү Барпы драмалык театрынын алдындагы аянтта масштабдуу иш-чаралар өткөрүлөт. Шаардагы 1000 балага балмуздактар жана таттуулар таратылып, аларга арналган кеңири программадагы концерт уюштурулат.
Иш чаранын жүрүшүндө «Кыргызстан — менин Мекеним», «Ар дайым болсун күн», «Планета балдардын көз карашы менен» деген темаларда асфальтка сүрөт тартуу сынагы уюштурулат.
Эскерте кетсек, 25-май — 25-июнь аралыгында шаарда «Биздин балдар — өлкөнүн келечеги» аттуу бир айлык акция жүрөт.