08:30
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Президент балдарга бактылуу балалык жана татыктуу жашоо каалады

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн кичинекей атуулдарын Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

Өлкө башчысынын куттуктоосунда, 1-июнь — балдар дайыма ата-эненин жана мамлекеттин камкордугу менен коргоосуна муктаж экенин, алардын өмүрү менен ден-соолугу, билими менен коопсуздугу, келечеги үчүн жалпы коом жоопкерчилигин эске салган күн экендиги айтылат.

«Ар бир бала бактылуу балалыкка, татыктуу жашоого жана жаркын келечекке ээ болууга укуктуу. Аны камсыз кылуу — биздин милдетибиз» — деген Сооронбай Жээнбеков балдарга алдыга койгон максаттарына жетүүнү жана таттуу кыялдарын ишке ашырууну кааалайт.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында, Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын саны 2 миллион 312 миңге жетет. Алардын 51 пайызын эркектер түзөт.

Билдирүүгө таянсак, 7 жашка чейинки балдардын саны 1 миллион 75 миң (46 пайыз), 7-14 жаш арасындагылардын саны 946 миң (41 пайыз), ал эми 15-17 жаштагы өспүрүмдөрдүн саны 291 миңге жетет.

Эң көп окулган жаңылыктар