11:52
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мэрия балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык программа даярдады

Бишкек мэриясы балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык программа даярдады

Саат 10:00дө Курманжан датка эстелигинин алдында «Баластан» балдар майрамы башталат. Анда 50 кызыктуу аянтчалар уюштурулат. Иш чарада кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда оюн-зоок көңүл ачуучу программалар болот. Муну менен катар балдардын чыгармачылык топтору өз өнөрлөрүн тартуулашат. Балдардын көчмөндөр оюндары, интеллектуалдык оюндар, чеберлердин жарманкеси жана башкалар уюштурулат.

 Эмен багында боз үй тигилип, аниматорлор балдардын көңүлүн ачышат.

 Саат 10.30да Т.Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында мектеп окуучулары тарабынан театрлаштырылган оюндар көрсөтүлөт.

 Саат 11.00дө  Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында мектеп окуучуларынын «Жаш таланттар» аттуу гала-концерти өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби