17:50
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Москвадан Кыргызстанга ата-энелери баш тарткан дагы 4 өспүрүм алынып келинди

Москвадан Кыргызстанга ата-энелери баш тарткан дагы 4 өспүрүм бала алынып келинди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Аталган министрликтин балдарды коргоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Чолумованын айтымында, чет жерде жүргөн балдардын айрымдары ата-энелеринен кароосуз калышууда.

«Энелердин баласынан баш тартуу себеби болуп, туруктуу жашай турган жердин жоктугу, никеге расмий түрдө турбагандыгы, күтүлбөгөн кош бойлуулук жана туруктуу жумуш ордунун жоктугу эсептелет», -деди ал.

Маалыматка караганда, 2011-жылдан бери Кыргызстанга кароосуз калган 85 бала алынып келинген. Алардын ичинен 6 бала былтыр ата-энелерине кайтарылып берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума