09:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Депутаттар Айгүл Рыскулованы төш белги менен сыйлоону сунушташты

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мурунку вице-мэр Айгүл Рыскулованы төш белги менен сыйлоону сунушташты. Депутаттар анын кылган ишин жакшы деп баалашууда.

«Айгүл Рыскулова канчалаган жакшы долбоорлорду ишке ашырды. Канчалаган иш чараларды уюштурду. Анын эмгегин баалаш керек. 4 жыл аралыгында жасалган иштери шаардын социалдык блок боюнча өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк берди», -дешти депутаттар.

Эске салсак, вице-мэр Айгүл Рыскулова өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Бул тууралуу бүгүн шаардык кеңештин кезектеги сессиясында маалым болду.

Эң көп окулган жаңылыктар