19:26
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бишкекте 4 миң 325 бала балдар бакчасына кезегин күтүп турат

Балдар бакчасына кирүү үчүн электрондук кезекке 4 миң 325 арыз киргизилди. Бул тууралуу маалымат жыйында Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке киргизгенден бери электрондук кезекке туруу үчүн, жалпы 2 миңге жакын баланын ата-энелери арыз беришкен. Орто эсеп менен күнүнө 100гө жакын арыз келип түшүүдө.

Адистердин пикиринде, электрондук кезекти киргизүү менен наристелерди бала бакчаларга берүүдө жемкорлуктун алдын алса болот. Аталган долбоор 2016-жылдын декабрында ишке киргизилген.

Ордо каалада 85 муниципалдык балдар бакчасы бар. Дагы 116 менчик бакча иш алып барат.

Эң көп окулган жаңылыктар