23:02
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өкмөт: Мектеп жана бала бакчалар эң арзан азыктарды сатып алып жатканы өкүнүчтүү

Өкмөт мектептер менен бала бакчалардын эң арзан азыктарды сатып алып жаткандарына нааразы. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров билдирди.

Анын айтымында, балдар азыгын сатып алып жатышканда, арзан бааны сунуштагандарды тандашат.

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Нурида Байзакованын айтымында, алгач квалификациялык талаптарды изилдеп, андан кийин гана баалык сунуштарды караш керек. «Мындай жол менен гана эң жогорку баа менен сатып алып жатат деген айыптоодон алыс болобуз», -деди ал.

Премьер-министр биринчи орунда сапат, анан баа турарын айтты. «Эсеп палатасы текшерүү маалында буга басым жасашы керек. Мындан тышкары биз өзүбүздүн өндүрүүчүлөрдү колдошубуз зарыл. Эгер биз товардын сапатына карай турган болсок, анда атаандаштык да өсөт. Ишкерлер сапатына көңүл бура башташат», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар