08:20
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Мектептерде окуу жылы 30-майга чейин узартылышы мүмкүн

Мектептерде окуу жылы 30-майга чейин узартылышы мүмкүн. Мындай сунушту билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева көтөрдү.

Министр депутаттардын окуу жылынын башталышын 10-сентябрга жылдыруу демилгесин колдойт.

«Бул биринчи кезекте биздин климатка байланыштуу. Мисалы, май айында салкын. Күз ысыкта мектепке барган балдар класста тумчугуп олтурушат. Биздин максат — балдардын саламатыгына зыяны тийбегендей шарт түзүү» — дейт ал.

Мнистрлик окуу жылын 1-сентябрда баштап, 30-майда аяктоону сунуштайт. Акыркы чечимди өкмөт кабыл алат.

Эң көп окулган жаңылыктар