00:26
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мамлекеттик компаниялардын директорлорунун айлыгы 10 миң долларга жетет

Мамлекеттик компаниялардын директорлорунун айлыгы 100 миңден ашат. Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, сатыкка коюлган «Мегакомдун» директору 300 миң сом айлык алып жатса, «Кыргызтелекомдун» директорунун айлыгы 100 миң сом.

«Кыргызтелекомдун» азыркы абалын билесиздер. Бир жума мурун директорунун айлыгы канча экенин сурадым. Оор шартта турган телекомдун директорунун айлыгы 100 миң сом экен. Ушул темпте кетсе, эки жылдан кийин телекомду жабууга туура келет. Бирок жаппай, иштетип кетүү керек. Анткени телекомдун материалдык базасы өтө жакшы« — дейт Акылбек Жамангулов.

Ал эми «Мегакомдун» директорунун айылыгы 300 миң сом.

Жалпы кошумчаларды кошкондо колуна 10 миң доллардын тегерегинде каражат алат экен. Ошондуктан эмне себептен мынчалык көлөмдө айлык алып жатышканын жана «Мегакомду» сатуу боюнча иштер кандай жүрүп жатканын карап чыгуу керек

Акылбек Жамангулов

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун төрагасынын маянасы коомдо кызуу талкуу жараткан. Айрым маалыматтарга караганда, фонддун жетекчиси кеминде 10 миң доллар алат.

Белгилей кетсек, фонд кыргыз экономикасына колдоо көрсөтүү максатында Орусия бөлгөн акчага түзүлгөн. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума