06:27
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ысык-Көлдө 17 жаштагы жигит бычактан жаракат алды

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айылынын тургундары досуна болушкан 17 жаштагы жигитти бычак менен жарадар кылышты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ОИИБдан билдиришти.

  «Жабырлануучу Бишкектеги унаа жол транспорту колледжинде окуйт. 27-майда ал өзүнүн туулуп өскөн айылы Оргочорго келип, айылдашына кезигип калат. Досу коңшу айылга барып, сүйлөшкөн кызы менен жолугуп келүүнү сунуштаганда, макул болуп Светлая Поляна айылына барышкан. Жергиликтүү тургундар менен меймандар ортосунда келишпестиктер болуп, уруша кетишет. Тургундар досуна болуша коем деген баланын сол жак бөйрөгүнө бычак сайып, жарадар кылышты»,-деп жазылат маалыматта.

 Милиция учурда териштирүү иштерин улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар