06:03
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

УКМК Улуттук тарых музейин оңдоого жумшалган акчаны териштирүүгө киришти

Улуттук коопсуздук кызматы Улуттук тарых музейин реконструкциялоого жумшалган акчаны текшерип баштады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Эскерте кетсек, 2015-жылы Премьер-министринин буйругу менен Мамлекеттик тарых музейи Түркия Республикасынан берилүүчү жардамдын эсебинен оңдоо тапшырмасы берилген. Келишим боюнча Түркия тарап гранттык каражат катары 15 млн АКШ доллар каражатты 3 жыл ичинде бөлүп берүүсү каралган. Жогоруда аталган гранттык каражаттардын 4 млн АКШ доллардан ашыгы Музейдин тегерек-четин жана ага жанаша аймактарын көрктөндүрүү менен фасаддык бөлүгүн оңдоо иштерине сарпталган.

Бирок гранттык каражаттарды күтпөстөн, өкмөт бюджеттен музейдин курулушун бүткөрүү үчүн каражат издеп табуу чечимин кабыл алган.

Музейдин ички бөлүгүн реконструкциялоо жана тийиштүү жабдууларды сатып алуу үчүн Турак-жай жана жарандык курулуш департаментине жалпысынан мамлекеттик бюджеттен 1 млрд. 569 млн. 477 миң сом бөлүнүп берилген.

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясы музейге барып, оңдоо иштери, жумшалган акча боюнча маалымат алышты. Депутаттар оңдоо иштерине өтө көп каражат жумшалып, эмерек сатып алууга чоң акча сарпталганын белгилешип, тийиштүү органдарга текшерүү буйругун беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар