12:16
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Чукул кабар. Өлкө аймагында кар жаашы күтүлөт

Өлкө аймагында 27-майда күндүз, 28-29-майда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-майда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 28-29-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, жайлоолордо жаан карга айланышы мүмкүн.

29-майда түнкүсүн абанын температурасы тоолуу райондордо 0...-5°, бийик тоолуу райондордо −5...-10° суук болушу күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар