Түркмөнстанда азык-түлүк каатчылыгы уланууда. Учурда Ашхабадда кумшекер кайрадан кымбаттап, аны айрым мамлекеттик дүкөндөрдөн сатып алуу мүмкүн болбой жатат. Сатуучулар шекер баасы мындан ары да кымбаттай турганын билдиришүүдө.
«Мамлекеттик дүкөндөрдө шекердин килосун 7 манат (2 доллар) турат. Айрым соода түйүндөрүнүн текчесинен табуу мүмкүн эмес. Жеке дүкөндөрдө аны 9-10 манаттан сатып, сатуучулар шекердин баасы жакында 15 манатка чыгарын эскертишүүдө», — деп билдирди «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы.
Анын айтымында, учурда азык-түлүк дүкөндөрүндө узун кезек жаралууда. Шаар тургундары негизинен кумшекер, ун жана суу май үчүн кезекке турушууда.
Бул арада балдар тамак-ашы, гигиена каражаттары кымбаттады.