13:13
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте Айни көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды

Бишкекте Айни көчөсүнүн бир бөлүгү оңдолуп, бүгүн пайдаланууга берилет. Бул боюнча мэрия кабарлайт.

Маалым болгондой, Чынгыз Айтматов проспектисинен Псковская көчөсүнө чейинки кесиндиси, ушул жылдын март айында оңдоо иштерин байланыштуу жабылган. Анда алгачкы жолу шагыл- мастикадан жасалган аралашма ыкмасы колдонулду. Бул технология асфальт жолдорунун сапаттуу сакталышын камсыздайт.

Кошумчалай кетсек, Бишкектин 40 көчөсүндө ремонт жүргүзүлүүдө. 11 көчөнүн асфальты алмаштырылып жатса, калганы калыбына келтирилүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар