05:32
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Өзбек чиновниктери мугалимдерди көчө тазалоо иштерине мажбурлоону улантууда

Самарканд облусунун билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Умаров шаардагы № 62 мектеп-интернаттын директору болуп дайындалды. Ал марттын ортосунда жергиликтүү бийликтин буйругу менен көчө тазалап жүргөн маалда автоунаа сүзүп кетип каза болгон мугалим Диана Еникееванын өлүмүнөн кийин жумуштан алынган.

«18-майда биздин директорубузду пенсияга кетирип, анын ордуна 60 жаштагы Умаровду дайындашты. Бул бардыгыбыз үчүн күтүүсүз болду. Биздин мурдагы директор мугалимдерди көчө тазалоого мажбурлачу эмес, тескерисинче, балдарды окутууга жана тарбиялоого көбүрөөк көңүл бурушубуз керектигин айтчу. Эгер мугалимдер дем алыш күндөрү эс албай, көчө тазалап жүрсө бул билим берүү сапатына терс таасирин тийгизет да», — деди мектеп мугалимдеринин бири.

Анын айтымында, Азамат Умаров өзүнүн алгачкы иш күнүн (18-майда) бардык мугалимдерди көчө тазалатуу менен баштаган. «Мектеп-интернатта иштеген кызматкерлердин көбүнүн кичинекей балдары бар, ошондуктан көчө тазалоо иштерине аларды ээрчитип келүүгө аргасыз болушту», — деди ал.

Бирок окуу жай директорунун орун басары Гуллола Маматкулова мугалимдер көчө тазалоого өз каалоолору менен чыкканын айтты. «Мугалимдер менен тарбиячыларга анча чоң эмес тилкелер бөлүнүп берилген. Алар көчөнү эмес, мектеп-интернаттын ичин тазалашкан», — деди ал.

Быйыл марттын ортосунда президент Шавкат Мирзиёев Самаркандга келерде көчө тазалап жаткан 23 жаштагы мугалим Диана Еникееваны жүк ташыган унаа уруп кеткен. Ал алган жаракатынан улам көз жумган. Атайын комиссия Еникееванын өлүмүнө өндүрүштөгү кырсык себеп болгон деген корутунду чыгарган. Бул окуядан кийин Самарканддагы бир катар чиновниктер, анын ичинде облустук Билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Умаровдагы жумуштан алынган.

Апрелде Шавкат Мирзиёев Сырдарья облусуна барганда Диана Еникееванын өлүмү үчүн өзүн күнөөлүү сезип жатканын айтып, мугалимдерди көчө тазалоо чыгарган чиновниктерди катуу сындаган. Мамлекет башчы мындан ары мугалимдерди мажбурлап иштеткен жетекчилер буга чейинки эмгектерине карабастан жумуштан алына турганын белгилеген.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби