22:11
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Парламент Казакстан менен чек ара боюнча келишим жабык эшик артында карайт

Казакстан менен чек ара боюнча келишим жабык эшик артында каралат. Мындай чечим Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Депутаттардын кароосуна «Кыргызстан менен Казакстандын чек араны демаркациялоо боюнча келишимин жактыруу» жана «Кыргызстан менен Казакстандын кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын иштөө тартиби боюнча келишимди жактыруу» мыйзам долбоорлору келип түшкөн.
Өкмөттүн сунушу менен чек ара маселеси жабык карала турган болду.

Аталган келишимдерге 25-декабрда Сооронбай Жээнбековдун Астана болгон сапары учурунда кол коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар