10:24
USD 87.00
EUR 90.44
RUB 0.86

ИИМ салып жаткан үйдүн курулушунда мамлекетке 118 миллион сом чыгым келтирилген

Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушунда каржылык жактан эреже бузуулар болгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы КР Кылмыш кодексинин 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 221-беренелери (коммерциялык жана башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш ишин козгоду.

2016-жылдын августунда Ош облустук ИИБ жана ИИМдин Курулуш ишканалары бириккен дирекциясы (КИБД), «П.» жоокерчилиги чектелген коом менен 12 кабаттуу турак үйдүн курулушуна келишим түзүшкөн. 2017-жылдын ноябрында аталган коом Ош облусундагы райондор аралык сотко, Ош облустук ИИБ жана КИБДга доо арызы бар экенин билдирип кайрылган. Анда ишкана аткарылган иштердин көлөмүнүн (арматура менен бетондун) 118 миллион 777 миң сомдон ашуун айырмасын киргизүүнү суранышкан.

Райондор аралык соту ушул жылдын 12-февралында «П.» жоопкерчилиги чектелген коомунун доо арызын канааттандырган.

Жыйынтыгында, мамлекетке 118 миллион сомдон ашуун материалдык чыгым келтирилген. Түштүк борбордун прокуратурасы Ош облустук сотун аппеляцияга берди.

Эң көп окулган жаңылыктар