13:03
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Эл аралык кылмышкерлер «Альфа Телекомдон» акча уурдоого аракеттеништи

Эл аралык кылмышкерлер «Альфа Телеком» ЖАКтан акча каражатын алып чыгып кете алышкан жок. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк башкармалыгы фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев, Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Депутат Марат Аманкулов MegaСom компаниясынын эсебинен 500 миң доллар уурдалгандыгы тууралуу маалыматтын чын-төгүнүн тактап сурады.

Ренат Түлөбердиевдин айтымында, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

«Мен бир гана нерсени айта алам, кылмышкерлер акчаны чыгарып кете алышкан жок. Алар кылмыштын акырына чыга алышпады», - деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар