05:11
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

ӨКМ эки кичинекей тик учак сатып алат

Издөө жана куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМ эки кичинекей тик учак сатып алат. Бул тууралуу Кыргызстандын жана Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жыйынында мекеменин статс-катчысы Азамат Мамбетов билдирди.

Маалыматка ылайык, тик учактарды сатып алуу чечими өкмөт тарабынан бекитилген.

«Биз өндүрүүчү ишканалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Орусияда чыгарылган тик учактарды сатып алууну пландоодобуз. Ар биринин баасы 10 миллион долларды түзөт. Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт», — деди Азамат Мамбетов.

Учурда ӨКМнын өзүнө тиешелүү тик учактары жок. Издөө жана куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн Башкы штабдын тик учактарын колдонуп келген. Бирок тик учактардын көбү эскиргендиктен, колдонуудан чыгып калган.

Эң көп окулган жаңылыктар