«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Орозо кармадым. Тишимди дарыласам болобу?
Жооп: Тишти дарылоо жана жулдуруу орозого каршы келбейт. Бирок, кан же башка заттар ашказанга түшсө болбойт. Анүстүнө ооз жабык кезде укол сайдырып, анестезия алууга да жол берилбейт.