19:32
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Райымбек Матраимов Аравияда жана Улуу Британияда дарыланууда

Райымбек Матраимов Аравияда жана Улуу Британияда дарыланууда. Бул тууралуу бүгүн кезектеги соттук отурумда анын жактоочусу Татьяна Карыжинская билдирди.

Соттук отурумда өкмөттүн өкүлү үчүнчү жак катары Саламаттык сактоо министрлигинин жана № 1-клиникалык оорукананын өкүлдөрүн күбө катары чакырууну өтүндү.

Матраимовдун адвокаты Татьяна Карыжинская, өтүнүч катка каршы чыкты. Ал сотко Райымбек Матраимовдун оорусу тууралуу маалымдаманы көрсөттү. Жактоочу 2017-жылдын ноябрынан тартып Матраимов № 1-клиникалык ооруканада сырттан дарыланганын, 2018-жылдын январынан тартып Сауд Аравиясы менен Англияда дарылануусун улантып жатканын кошумчалады. Сот өкмөттүн өкүлүнүн өтүнүчүн канааттандырды.

Эң көп окулган жаңылыктар