22:35
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Президент соттук отурумдарга видео байкоо системасын киргизүүнү сунуштады

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков соттук отурумдарга видео байкоо системасын киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Сот системасын реформалоо боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы аны менен катар электрондук протокол системасын киргизүү зарылдыгына дагы токтолду.

Сооронбай Жээнбеков Жогорку соттун сайтында сот чечимдерин жайгаштыруу тандалма жолу аркылуу ишке алып жатканын кошумчалады. Андан тышкары, ал сотторду, прокурорлорду жана сот аткаруучуларды жаңы кодекстер боюнча окутуу зарылдыгын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар